• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты - фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 6-декабрында иш сапар менен Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына барып, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген курамдарда өттү, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйыны 2019-жылдын май айында Астана шаарында өткөрүлөт.

7-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына учуп барып, жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.

Пикир

Оставить комментарий