• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Түркия Республикасынын Улуу улуттук жыйынынын Спикери Бинали Йылдырым менен жолугушту.

Өкмөт башчы Түркия Парламентинин спикерин жылуу кабыл алуу менен анын Кыргызстанга болгон сапары эки өлкөнүн бир тууган элдери ортосундагы мамилелердин мындан аркы чыңдалышына өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

«Түркия Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга жасаган сапарынан соң, Сиздин расмий сапарыңыз орун алды. Бул Кыргызстан жана Түркия ортосундагы саясий кызматташтыктын жогорку деңгээлинен жана эки тараптуу мамилелердин активдүү өнүгүүсүнөн кабар берет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин чыңдалышын канааттануу менен белгиледи. «Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, товар жүгүртүү көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 25%га өскөн жана 277 миллион долларды түзгөн. Мен бизде бул багытта мындан да мыкты ийгиликтерге жетишүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигине ишенем», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды иштеп чыгууга багытталган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Премьер-министр маалымдагандай, бүгүнкү күндө бир катар түрк жана биргелешкен компаниялар Кыргызстанда ар кыл тармактарда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Өкмөт башчы ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин (ТИКА) өзгөчө ролун белгиледи жана көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары тараптар эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, транспорт жана башка тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Түркия Улуу улуттук жыйынынын спикери Бинали Йылдырым белгилегендей, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы саясий өз ара аракеттешүүлөрдүн деңгээли жогору.

«Үстүбүздөгү жылы биздин мамлекет башчылар бир нече ирет жолугушту, парламент спикерлери туруктуу байланышта, өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуулар улантылууда. Мунун баары эки өлкөнүн ортосундагы өз ара алакалардын жогорку деңгээлин күбөлөндүрөт», - деди Бинали Йылдырым.

Бинали Йылдырым Кыргызстанды Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүсү менен куттуктап, 2020-жылы Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кыргыз тарап менен өз ара тыгыз байланышта ийгиликтүү өткөрүүгө ишеним билдирди.

«Саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын потенциалы зор. Бүгүнкү күнү маселелердин тармагы бизге биргелешкен күн тартибин кеңейтүүгө шарт түзөт. Өз ара товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү бул багыттагы ишмердикти активдештирүүнүн зарылдыгын айтып турат», - деп белгиледи Бинали Йылдырым.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу деңгээлине жана өз ара туруктуу колдоого канааттануусун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий