• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводу ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Москва районунда “Кыргызпродуктборбору” ЖЧКнын соода-логистикалык борборунун базасында мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводунун ачылыш аземине катышты.

Ар бир ишкананын, заводдун ачылышы мамлекет үчүн өтө маанилүү экенин айткан Акылбек Жапаров, өзгөчө өнөр жай тармагы, айыл чарбасы экономиканын драйверлери экенин билдирди. Ушул сыяктуу өндүрүш тармагынын өсүүсү аркылуу өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 трлн сомго жеткенин кошумчалап өттү.

“Экономикага каражат салмайынча өнүгүү болбойт. Өнүгүүнүн ылдам жолуна түшүү үчүн биз – иштеп жаткан чакан ишканаларга каржылык колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү максат кылганбыз. Ал четинен ишке ашып баштады. Бул багытта экономикага өнүгүү инструменттерин киргиздик. Мамлекеттик банктарды күчтөдүк, атайын фонддор аркылуу каржылоону көбөйттүк. Бүгүн алар жемишин бере баштады”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы жаңы мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводунун ачылышын колдоо максатында Кыргыз-орус өнүктүрү фонду 4 млн доллар бөлгөнүн билдирди.

“Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн берки 9 жылдын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун аркасында өлкөбүздүн экономикасын модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн катализаторлорунун бири болуп калганын белгилей кетүү керек. Жалпысынан бул фонд тарабынан суммасы 589 млн 889 миң долларлык 3368 долбоор каржыланган. Каржыланган долбоорлордун жалпы санынын 56% айыл чарба тармагына туура келет”, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле, өлкө калкынын 65%зы элет жеринде жашаарын, ошол себептүү айыл чарба тармагын каржылоо жогорулаганын билдирди.

“Агрардык секторду өнүктүрүү максатында 2 жылдын ичинде каржылоону 43,1 млрд сомго жеткирдик. Мунун ичинен агроөнөр жай кластерлерин колдоо максатында бүгүнкү күндө жалпы 17 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди. Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында 16 кластер түзүлдү. Сиздер менен чогуу ачып жаткан завод “Жашылча” кластеринин биринчи агрегатору. Мына ушундай ак ниет ишкерлерибиз көбөйө берсин”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, IQF технологиясы аркылуу мөмө-жемиштерди дароо тоңдуруучу мындай завод Кыргызстанда биринчи жолу ачылууда. Логистикалык кампага 4 миң тонна жашылча-жемиш батат жана ишкерлер өлкө боюнча 1 миңден ашуун фермерден жашылча-жемиштерди сатып алат.

Пикир

Оставить комментарий