• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Австрия федералдык жеринде жашаган кыргызстандыктардын укуктары корголот

Коом 0

Бишкек 27.05.21. /Кабар/. 25-майда Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Кыргызстандын Австриядагы Жогорку Австрия федералдык жериндеги ардактуу консулу Вальтер Брембергерди кабыл алды жана аны ардактуу консул кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи Жусупов эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты бардык приоритеттүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча тараптар мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди.

Австриянын экономика жаатындагы алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен, бул багыт ардактуу консулдун ишмердүүлүгүндө Кыргызстан менен кызматташуу үчүн байланыштарды илгерилетүүдө маанилүү багыт катары белгиленди.

Өз кезегинде Вальтер Брембергер ардактуу консул катары өз ишинин, атап айтканда, өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, бизнес- байланыштарды түзүү, ошондой эле Жогорку Австрия федералдык жерде жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча пландары жөнүндө айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий