• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлады. Жаңы өкмөттүн курамы бекитилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.10.20. / Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлап, жаңы өкмөттүн курамын бекитип берди.

Өкмөттүн курамы:

Премьер-министр - Садыр Жапаров;
Биринчи вице-премьер-министр – Артем Новиков;
Вице-премьер-министр – Равшан Сабиров;
Вице-премьер-министр – Максат Мамытканов;
Вице-премьер-министр – Аида Исмаилова;
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси – Бактыбек Аманбаев;
Экономика министри – Санжар Муканбетов;
Каржы министри – Кыялбек Мукашев;
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Эркинбек Чодуев;
Транспорт жана жолдор министри – Бакыт Бердалиев;
Юстиция министри – Марат Джаманкулов;
Тышкы иштер министри – Руслан Казакбаев;
Ички иштер министри - Улан Ниязбеков;
Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажыбеков ;
Саламаттык сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев;
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Улукбек Кочкоров;
Маданият, маалымат жана туризм министри – Нуржигит Кадырбеков;
Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети – Жыргал Сагынбаев;
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети – Алтынбек Исмаилов.

10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, анда Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлаган. Андан кийин Жогорку Кеңештин өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитүү тууралуу токтом президентке жөнөтүлгөн. Бирок 13-октябрь күнү президент 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болгон эмес деген жүйөө менен токтомду кайра артка кайтарган.

Пикир

Оставить комментарий