• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги ИВС, ТИЗОлорду кыдырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы Бишкектеги ИВС, ТИЗОлорду кыдырып, кармалгандардын абалы менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу, депутаттар Марат Мураталиев, Бакыт Тентишов, тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттерден турган топтун алгачкы кыдыруусу Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайынан башталды.

Депутаттык комиссия Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынын шарттары менен жеринде таанышып, ар бир камераларды көрүп чыгышты.

Андан соң, убактылуу депутаттык комиссиянын кыдыруусу ТИЗО-1де улантылды. Комиссия мекеменин кармоо шарттары менен таанышып, иши тергөөдө же сотто каралып жаткан кээ бир кармалгандар менен баарлашып, алардын үнүн укту. Кыдыруунун жүрүшүндө депутаттар аялдар, эркектер отурган камераларды, тамактануучу жайларды, сот отурумдарына онлайн катышууну камсыздаган кабинеттерди көрүп чыгышты.

Жогорку Кеңеш депутаты, убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу ар бир кармоо жайларынын жетекчилеринен талаптагыдай эрежелердин сакталышына көңүл буруп, мында кызмат өтөгөндөрдүн эмгек маянасын, тамак аштын жетиштүүлүгүн тактады.

Депутаттык комиссия мындан сырткары, УКМКнын ТИЗОсунда кармалган адамдардын абалы менен да таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-июнунда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий