• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды. Жалпы 62 депутат катышууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик "Ала Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталып, ага 62 депутат катышууда.

Бүгүн күн тартибине өзгөчө абал режими жана өлкөдөгү жалпы кырдаал боюнча маселелер киргизилген.

Ошондой эле депутаттар спикерди шайлоону күн тартибине киргизүүнү сунушташты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 5-6-октябрда болуп өткөн башаламандыктан кийин экинчи ирет кезексиз жыйынын өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий