• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку сот Салянованын өкүмүн жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча чечимди жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жөнөттү. Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочулардын тобу билдирет.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн Жогорку сотто отурум болгон. Жараянда жактоочу Р.Садыкованын соттолуучу А.Салянованын кызыкчылыгы үчүн берген өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун чечимдери, КРнын Жогорку сотунун токтому жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, А.Салянова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп табылган. Атап айтканда, 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамсыз узартып берген. Сот аны кызы 14 жашка чыкканга чейин 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий