• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматын тапшыруу боюнча арыз жазды

Коом 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президенттин атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөн. Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен КР президенти тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Ошол себептен Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий