• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жол инспекторлору жума намазы учурунда мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салууда

Коом 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Жол инспекторлору рамазан айынынын жума күндөрү жума жана таравих намаздары учурунда жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чаранын максаты Орозо учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздап, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат.

Иш-чарага элдик кошуундар жана ыктыярчылар (волонтерлор) катышып, ЖКККББ тарабынан өлкө аймагындагы бардык жол тыгындары көп кездешкен мечиттердин айланасында жүргүзүлүүдө.

ЖКККББ жарандардан жума намазга жана кечкисин таравих намазга барган учурда унааны туура жерлерге токтотууну, башка жол кыймылынын катышуучуларына жана мечиттердин айланасында жашаган тургундарга да ыңгайсыз абалдарды жаратпоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий