• 88.68
  • 95
  • 0.95

Иманкулов: ЖККУга эч каршылыгыбыз жок, бизге бул уюм керек

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. “ЖККУга эч каршылыгыбыз жок, бизге бул уюм керек”, - деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов. Бул тууралуу Медиа-штаб жазды.

Иманкулов Кыргызстандын Россияга жана Тажикстанга каршы кутумчулугу жок экендигин баса белгилеп, ЖККУнун машыгуулары кийинки мөөнөткө жылдырылгандыгын кошумчалады.

“Ага даярдык 99,9% болгон. Биз машыгууну өткөрүүдөн баш тарткандан кийин соцтармакта ЖККУну чанып жатат деп жазышууда. Андай эмес, ЖККУ бизге абдан керек. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен биздин ортобузга чок салуу аракети болуп жатканын байкап жатабыз. Өнөктөш өлкөлөрүбүз менен мурункудай мамиледебиз. ЖККУга эч каршылыгыбыз жок, бизге бул уюм керек. Биз эле эмес, коркунучтарга чоң мамлекеттер дагы туруштук бере албай калышы мүмкүн. Ошондуктан коркунучтардан биргеликте коргонушубуз зарыл”, - деген Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Иманкулов кооопсуздукту камсыз кылууда өлкөлөр ортосунда кызматташууну күчөтүү зарыл экенин белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан өз аймагында ЖККУнун кезектеги машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан. Аскердик машыгуунун өтпөй калышынын себеби айтылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий