• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан күзгө даярдык иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан күзгө даярдык иштери уланууда, - деп билдиет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жарандардын коопсуздугу жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугу үчүн, Бишкек шаардык мэриянын муниципалдык кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын чоң жолдорунда жана жарандар басчу майда көчөлөрүндөгү оңдоп-түзөөгө муктаж болгон жерлерди аныктап, жол астынан өткөн суу түтүктөрүнүн үстүн жапкан туура эмес нукта орнотулуп, жолдогу унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан суу түтүктөрүнүн капкактарын карап чыгып, аларды оңдоп-түзөө үчүн тиешелүү сунуштарды жөнөтүштү.

Мындан сырткары, Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүнкү күндө күз мезгилине карата жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугу үчүн жолдогу жана жол жээгиндеги унаалардын жана жарандардын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан туура эмес орнотулган жол белгилерин, жолго жакын жайгашкан майда дүкөндөрдү, өз билемдик менен башаламан соода жүргүзгөн жарандарды жана жолго тоскоолдук жараткан жана башка нерселерди аныктап, аларды оңдоп-түзөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий