• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жол коопсуздук башкармалыгы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Коом 0


Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Жол коопсуздук башкармалыгы элге бекем ден соолук, тынчтык, бакубат жашоо каалайт.

"Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйык баш кийими, кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Кыргыз эли байыртадан бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу жана ыйык белгиси катары башынан түшүрбөй кийип келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий