• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-февралынан 3-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчүшү ыктымал. Алсак, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий