• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жооптук беттеште 2:2 эсебинде ойноп “Реал” клубу финалга жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 02.05.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын жарым финалынын жооптук беттеши 2-майда “Сантяго Бернабеу” калаасында орун алды. Мадридтик “Реал” командасы “Бавария” клубу менен оюнда 2:2 эсебинде тең чыкты.

Биринчи оюнда “Реал” “Баварияны” 2:1 эсебинде жеңген. Жалпы эсеп менен “Реал” командасы финалга чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Йозуа Киммих оюндун 3-мүнөтүндө “Реалдын” дарбазасына гол киргизүү менен эсепти ачты. 11-мүнөтүндө Марселонун сол капталдан көтөргөн тобун Бензема башы менен сүзүп эсепти 1:1ге айлантты.

2-таймдын алгачкы мүнөтүндө тактап айтканда 46-мүнөтүндө дарбазачы Свен Ульрахтын катасынан улам Бензема өзүнүн 2-голун жаратты. 62-мүнөтүндөХамес Родригес соккусу Навастын дарбазасынан орун тапты.

Эскерте кетсек, “Ливерпуль” клубу менен“Рома” командасынын жооптук беттеши 3-майда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий