• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумабеков Мамлекеттик Думанын жана Федерация кеңешинин спикерине көңүл айтты

Коом 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володинге жана Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкого Москва шаарындагы Шереметьево аба майданында катталган учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

"Москва шаарындагы Шереметьево аэропортунда учак кырсыгынын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам", - деп айтылат.

Эске салсак, 5-май кечинде Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда Москва — Мурманск багыты боюнча каттамды аткаруу үчүн асманга көтөрүлгөн учак жарым сааттан кийин авариялык конуу жасаган.

Конуу учурунда учак кырсыкка учурап, «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапкан. Жалпысынан учактын ичинде 73 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий