• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Репин көчөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Репин көчөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Репин көчөсүнүн Күйүкова менен Гагарин көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде оңдоо иштери жүрөт. Учурда ал жолдун эски асфальты алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин Репин көчөсүнүн Масалиев (Түштүк Магистраль) менен Күйүкованын ортосундагы тилкеси оңдолгон.

Пикир

Оставить комментарий