• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумабеков Оштогу бир катар спорттук мекемелерге барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Мамажан айылындагы спорттук комплекстин ачылышына катышып, Кара-Суу районунун Большевик айылында өткөрүлгөн волейболдук мелдешке күбө болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Дастанбек Жумабеков менен бирге иш сапарда Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Жылдыз Мусабекова, Алтынбек Сулайманов, Азамат Арапбаев, Искендер Матраимов, Мирлан Бакиров, Жанар Акаев жана Айнуру Алтыбаева болду.

Мамажан айылындагы спорттук комплекстин ачылышында сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков мындай жайлардын курулушу аймактагы спорттун өнүгүшүнө жана жаш чемпиондорду тарбиялап өстүрүүгө зор өбөлгө болорун билдирди.

“Спорттук мекемелердин салынышын бардык спорт сүйүүчүлөрү кубануу менен кабыл алат. Биз аймактардын өнүгүшүн колдойбуз жана ага керектүү болгон бардык күчүбүздү жумшайбыз. Айрыкча мындай жайлардын ачылышы аймактардын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Бул спорттук комплекстен көптөгөн чемпиондор тарбияланып чыгарына ишенем. Андан сырткары, келечектеги чемпиондор борбордон гана спорт менен машыкпай, ушул жерден да тажрыйбасын арттыра алат. Спорт бул – ден-соолук, руханий күч жана сулуулук. Мени жаш муундардын спорттук ийримдерге барып жатканы кубандырат. Буюрса, алар бизди өз жеңиштери менен сүйүндүрөт”, – деп кошумчалады Төрага.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаил Матраимов атындагы коомдук фонд тарабынан уюштурулган волейбол турнирине да күбө болду. Аталган фонд Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналып түптөлгөн. Белгилеп кетсек, фонд тарабынан Кара-Суу районунда акыркы жети жылдан бери футболдук жана волейболдук мелдештер уюштурулуп келет. Быйылкы таймашка 17 айыл өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Депутат Искендер Матраимовдун айтымында ар бир таймашка Кара-Суу районунун эли тыкыр даярданып, стадиондогу мелдеш кызуу өтөт.

“Иш-чараны жыл сайын өткөрүү чечимин кабыл алууда максатыбыз ишке ашабы, жердештерибиз кызыгабы деп абдан толкундандык. Жеке менин пикиримде мындай таймаштар элди бириктирет. Спорт менен машыккан кыргызстандыктардын көбөйүшү өтө жакшы” – деди Искендер Матраимов.

Кошумчалай кетсек, мелдешке Кыргызстандын белгилүү “Ерем” волейболдук клубу менен Өзбекстандан келген “Кокон” клубунун да командалары катышты. Мелдештин байге фонду 1 миллион 200 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий