• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеӊештин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Адамзатты бири-бирине жардам кылууга үндөп, кечиримдүүлүк менен кайрымдуулукту даңазалаган бул майрамда курмандык чалынып, муктаждарга жана жакындарга таратылат. Ага-тууган ак дасторконго чогулуп, аруу тилектер айтылат. Арбактарга багышталып куран окулуп, мусулманчылыктын бардык ыйык жөрөлгөлөрү аткарылат. Андыктан Ислам дининдеги эң негизги эки майрамдын бири саналган Курман айттын мааниси өтө чоң.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Ислам дини биримдиктин жана сабырдуулуктун дини. Андыктан, жалпы мусулман коомчулугу руханий баалуулуктарыбызды жоготпой, бабалар калтырган улуттук каада-салт үрп-адаттарыбызды урматташыбыз керек. Дүйнөдө болуп жаткан каргашалуу окуялардан оолак туруп, динибизге көлөккө түшүрбөшүбүз зарыл. Биз ошондо чыныгы мусулман, адептүү инсан боло алабыз!

Кымбаттуу мекендештер!

Быйылкы Курман айтыбыз жакшылыктарга себепчи болуп, дүйнөгө тынчтык менен бакубатчылык орносун! Күнөстүү Кыргызстаныбыз гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошулуп, мекенибизде ынтымак менен береке өкүм сүрсүн!

Касиеттүү Меккеде ажылык зыяратын өтөп жүргөн журтташтарыбыздын сапары байсалдуу болуп, парздарын толук аткарууну Жаратканым насип кылсын!

Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен куттуктайм! Алакан жайып айтылган аруу тилектерибиз орундалып, чалган курмандыктарыбыз кабыл болсун! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий