• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумгалда комплексттик райондук окуу жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.11.17./Кабар/. 2017-жылдын 14-ноябрдан 16-ноябрга чейин Нарын облустук Жарандык коргонуунун башчысынын жетекчилиги астында “Жер титирөө коркунучу пайда болгон мезгилде Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш аракеттери” деген темада райондук Жарандык коргонуу башкаруу органдары менен комплексттик райондук окуу өткөргөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, комплексттик райондук окууга Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – райондук Жарандык коргонуунун башчысы, райондук Жарандык коргонуунун комиссиялары жана көчүрүү комиссиялары (Эвакокомиссия), райондук Жарандык коргонуунун кызматтарынын башчылары жана Жарандык коргонуунун штабдарынын башчылары, чарба объектилери, айыл аймактары, билим берүү мекемелери, лабораториялык көзөмөлдөө жана байкоо мекемелери, райондук Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрү жана топтору (формирование) жана жалпы калк тартылды.

Окуунун максаты өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча башкаруу органынын түзүлгөн мезгилде райондук Жарандык коргонуунун башкаруу органынын иш аракеттерин башкарууну уюштурууга кечиктирилгис чечим чыгаруу.

Комплекстик райондук окуунун алкагында атайын-тактикалык машыгууМин-Куш айыл аймагынын ыктыярдуу куткаруучу тобу менен Комплексттик окууЖумгал районунунКөк-Ой айыл аймагында өткөрүлгөн.

Мындан тышкары ошол күндөрү Чаек айылындагы Т. Турсунбаева орто мектебинде “Өрт кырсыгы коркунучунда орто мектептин башкаруу курамынын иш аракеттери” деген темада “Жарандык коргонуу” күнү өткөрүлдү.

“Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш аракеттери” деген темада атайын тапшырмалар берилип, жеринде даярдыктары текшерилди.

Окуунун экинчи баскычы “Жер титирөө болгон учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш аракеттери” деген темада жүргүзүлүп, Жарандык коргонуунун башкаруу курамынын, Жарандык коргонуу кызматтарынын, айыл аймактарынын иш аракеттери каралып, ортомчулар тарабынан тиешелүү усулдук-методикалык жардамдар көрсөтүлдү. Окууну күчөтүү планына ылайык киргизүүлөр берилип, аткарылышы боюнча маалыматтар күндүн жыйынтыгын чыгарууда угулду.

Комплексттик райондук окуунун жүрүшүндө жалпы калкты тартуу менен Чаек айылынын Турсунбаева көчөсүндө ички жол каттамын калыбына келтирүү үчүн 5 даана темир бетон шакекчелер орнотулулду. Ишти аткарууга 1 даана ГАЗ-53, 1 даана кран, 1 даана экскаватор, 9 адам тартылды.

Чаек айылындагы “Узун-Булак” коктусунун 500 метр узундугу тазаланып. Маслозавод участкасында 250-260 метр узундукта каналдын нугу тазаланды.Ошондой эле, Р. Абдиев көчөсүнүн түндүк тарабындагы жер көчкү коркунучун алдын алуу максатында “Жашыл долбоордун” алкагында тигилген 1 га аянттын айлансын тосуу иш чаралары аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий