• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 3,1%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 11.12.18. / Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү ушул жылдын 11 ай ичинде 3,1%га өскөн. Өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн алдын ала эсептөөлөрүн Улуттук статистика комитети жарыялады.

Январь айынан ноябрга чейин ИДП 474,5 млрд. сомду түзгөн. “Кумтөр” алтын кен ишканасын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 428,8 млрд. сомду түзүп, 3,2%га өскөн.

Экономиканын өсүшү өнөр-жай жана айыл чарба тармактарындагы продукциянын көбөйгөнүнөн улам болгон.

Кыргызстандын өнөр-жайында өндүрүлгөн продукциясынын көлөмү январь-ноябрь айлар арасында 221,1 млрд. сомго жетип, ал 4,9%га көбөйгөнүн көрсөтүүдө. Мындай көрсөткүчтөр пайдалуу кендерди казып алуу 7,8%га жана баалуу металлдарды өндүрүү 2,2%га өсүшүнүн аркасы менен жетишилген.

“Кумтөр” алтын кен ишканасын эске албаганда, өндүрүштүн көлөмү 8,4%га өскөн. Мисалга, мунайдын өндүрүшү (12,5%га), текстиль (10,2%га), кийим (20%га), желим буюмдары (23,4%га), курулуш материалдары (10,1%га) өндүрүштөрүндө өсүш болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Айыл чарбасындагы көлөмдүн өсүшү 2,4%, курулушта 8,4%, дүң жана чекене соодада 5,1%ды түзгөн.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөөчү баалардын (дефляция) 0,2%га түшкөнү байкалган. 2017-жылдын январь-ноябрь айларын алсак инфляциянын деңгээли 2,9%ды түзгөн.

Жыл башынан бери керектөөчүлүк баалар жана тарифтер Нарын (2,6%га), Ош (1,7%га), Ысык-Көл (0,9%га) жана Жалал-Абад облустарында (0,4%га) жана Ош шаарында (0,3%га) көтөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий