• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери өнөр жай продукциясынын көлөмү 98 млрд сомдон ашты - Статком

Экономика 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. 2021-жылы январь-апрелде өнөр жай продукциясынын көлөмү 98 млрд сомдон ашык сумманы түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Элвира Исенкулова брифингде билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу өнөр жай продукциясынын көлөмү химиялык продукцияларды, негизги металлдарды жана унаа жана жабдыктардан тышкары даяр металл буюмдарды, фармацефтикалык продуктыларды өндүрүүнүн көлөмүнүн, андан тышкары пайдалуу кен-байлыктарды казуунун кыскарышынын эсебинен 12%га азайды.

“2021-жылы январь-апрелде каршы тенденция курулушта байкалган, анда көлөмдүн азайышы 17%ды түздү. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн аралыкта тескерисинче айыл чарбасында - 1%га жана дүң жана чекене соодада – 2,8%га өсүү байкалган”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий