• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын тышкы соода көлөмү 1,4 млрд долларды түздү – статистика

Экономика 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. 2021-жылы январь-март аралыгында тышкы жана өз ара товар айлантуунун көлөмү болжол менен 1,4 млрд долларды түзүп, өткөн 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 3,9%га азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Элвира Исенкулова брифингде билдирди.

Анын маалыматы боюнча, экспорттук келип түшүүлөр 8,9%га жана импорт – 1,5%га түшкөн.

КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен 2021-жылы январь-марттагы өз ара товар айлантуусунун көлөмү 674 млн долларды түзүп, бул 2020-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 5,3%га азайган. Ошол эле учурда импорттук ташуулар 202%га көбөйүп, ал эми экспорт тескерисинче 9,4%га түшкөн.

Республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара товар алмашуусунун ири бөлүгү Россияга – 68,6% жана Казакстанга – 29,5% туура келет.

Пикир

Оставить комментарий