• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыпариса Рысбекова менен ЮНИСЕФтин аймактык директору балдардын укуктарын коргоо боюнча кызматташууну макулдашты

Коом 0

Бишкек, 23.11.21./Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүргөн Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Афшан Хан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Тараптар балдардын абалы, баланын укуктарына талдоо, балдар укугунун бузулушуна байланыштуу кайрылуу жана даттанууларды кароонун механизмдери, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу
өкүлдөрдүн байланыштарын бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Жыпариса Рысбекова Афшан Ханга жана ЮНИСЕФтин өлкөдөгү командасына Кыргызстанда балдардын укуктарын ырааттуу жана жигердүү ишке ашырууда мамлекеттин күч-аракетин колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстанда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн негизги милдеттерин белгиледи жана бул институттун жаңы ачылганына карабастан, анын ишинин оң натыйжалары тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Афшан Хан өлкө Президенти Садыр Жапаровдун кырдаалды талдоо, мониторинг жүргүзүү жана Кыргызстандын балдарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү институтун түзүү демилгесин жогору баалады.

Тараптар балдарды социалдык жактан коргоо маселелерин алдыга жылдыруу, балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кепилденген медициналык кызматтарга, билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, алардын коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, мигранттардын балдарынын,
өспүрүм кыздардын абалы, ошондой эле балдардын укуктарын талдоого системалуу мамиле кылуу, анын ичинде баланын эң жогорку кызыкчылыктарын жана ийгиликтүү эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен даттанууларды берүү жана кароо механизмдерин түзүүнү макулдашты.

Ошону менен бирге, Кыргызстан менен ЮНИСЕФ балдардын укуктарынын сакталышына мекемелер аралык эффективдүү мониторинг жүргүзүү үчүн системалуу чараларды иштеп чыгууну баштоо жөнүндө макулдашууга жетишилгени, ал балдардын жакырчылыгынын көрсөткүчтөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктары жана милдеттери менен байланыштырылганы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий