• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте миграциянын аялдарга жана балдарга тийгизген таасири талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Бишкекте «Миграциянын аялдарга жана балдарга тийгизген таасири» деген темада тегерек стол өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Октябрь акимчилиги тарабынан Эл аралык миграция уюму, ошондой эле МАБ, мэриянын Социалдык өнүктүрүү, Билим берүү башкармалыктары жана Калкты ишке орноштуруу борбору менен биргеликте уюштурулду.

Тегерек столдун жүрүшүндө миграциянын терс кесепеттери, үй-бүлөлүк чыр-чатактын көбөйүшү жана жаш үй-бүлөлөр арасында ажырашуулардын санынын көбөйүшү, ошондой эле дайынсыз жоголгон (иштеген) күйөөлөрүнөн алимент алуудагы кыйынчылыктар маселелери талкууланды.

Тегерек столго чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жарандар дагы чакырылып, алар чет өлкөдө иштеп жүргөндө кабылган көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий