• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ӨКМ: Кыргызстанда кайрадан жер титирөө кайталанат деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январь, саат 00:09да Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө

ӨКМ социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий