• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда катуу жер титиреди

Кырсык 0


Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда 23-январга караган түнү болжол менен саат 00:09да катуу жер титиреди.

Айрым ЖМКлардын маалыматына таянсак, жер силкинүүнүн очогу Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан.

Жер силкинүүнүн күчү очогунда 6,7 баллга жеткендиги айтылууда. Бирок азырынча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана КР Сейсмология институту расмий маалымат тарата элек.

Бишкектин кээ бир жашоочулары катуу силкинүүлөрдөн кийин көчөлөргө чыгышты.

Социалдык тармактын колдонуучулары коңшу Казакстан жана Өзбекстанда да жер титирегендигин жазышууда.

Пикир

Оставить комментарий