• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зордукталып, киши колдуу болгон аялдын иши боюнча укук коргоочулар объективдүү иликтөөнү талап кылууда

Коом 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Укук коргоочулар зордукталып өлтүрүлгөн сегиз баланын энесине байланыштуу ишти объективдүү иликтөөнү талап кылышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Сезим” кризистик борбордун директору Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө буга окшогон ыплас иштер көп болууда.

“Биздин борборго маркумдун баласы кайрылган, аны зордуктап өлтүрүшкөн. Мындай нерсеге жөн гана көз жумуп койбош керектигин эске алып, өз укуктарыбыз менен колдонууну чечтик”,-деди Рыскулова.

Анын билдирүүсүнө ылайык, 21-мартта 46 жаштагы Сайрагүл Жукеева үйүнө келип, кыздарына аны зордуктап сабашкандыктары тууралуу айтып берген. Болгон окуя тууралуу милицияга кабар берүү максатында үйдөн чыгып кеткен. Бир күн өткөндөн кийин 22-мартта анын сөөгү Тогуз-Торо районунун «Бирдик» айылынын «Көлбор» суусунун көпүрөсүнүн алдынан табылган. Маркумдун денесинде көк ала издер болгон. Экспертиза маркумдун канында алкоголдук ичимдик жок экендигин далилдеди. Бирок анын өлүмү кокустук экендигин айтышып, ишти жаап салышкан.

Рыскулова кошумчалагандай, маркумдун туугандары туура эмес коюлган экспертизанын айынан иликтөө иштери объективдүү жүргүзүлгөн эмес деген шек саноолор болууда.

“Бакыт Жумалиев деген соттук-медициналык адис Алтынбектин тууганы деген кептер айтылууда. Ал болсо өз кезегинде туура эмес чечим чыгарып, маркумдун канынан ичимдик аныкталып, көкүрөк клеткасы сынгандыгын айтып, ошонун айынан көпүрөдөн кулаган деп билдирген. Бирок Сайрагүлдүн туугандары анын көкүрөк клеткасы бүтүн экендигин, ал эми моюн жагында тешик бар болгондугун айтышууда”, - деп билдирди Бүбүсара Рыскулова.

Каза болгон аялдын үй-бүлөсүнүн мыйзамдуу өкүлү Исмайил Токобаевдин айтымында, шектүү Алтынбек Нусаралиев – Жукееванын айылдашы.

Маалымат жыйындын катышуучулары аталган ишти иликтөө боюнча кайрадан экспертиза жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылышмакчы.

КР ИИМдин төргөө кызматынын кызматкери Мирлан Рыскелдиев бул ишти өз көзөмөлдөрүнө ала тургандыктарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий