• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл күздөн тарта «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Азырынча Бишкек шаарынын көчөлөрүндө тестирлөө иретинде 4 видеокамера орнотулган. Быйыл күздөн тарта ордо калаада атайын видеокамералар орнотулуп, «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүк саат өтүп жатканда белгилүү болду.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, буга чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси болгон эмес, анын документациясы 18-июнда толугу менен даярдалып бүтөт. Өнөктөштөрдү издей баштайбыз, мамлекеттик-жеке өнөктөш болот. Ал эми күздөн тарта камералар орнотула баштайт», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий