• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

10-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 10.07.23./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 10-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29...+34, Талас облусунда +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл облусунда +23...+28 жана Нарын облусунда +21...+26 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +31...+33 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий