• 87.86
  • 93.94
  • 1

12-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Эртең, 12-мартта өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош жана Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Тоолуу жерлерде жолдорго муз тоңот, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн -1...+4, күндүз +10…+15, Таласта түнкүсүн -2...+3, күндүз +10…+15 градус болот.

Ал эми Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15, Ысык-Көл облусуда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10, Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…+15 градуска чейин жылыйт.

Пикир

Оставить комментарий