• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

2017- жылы республикада 339 өзгөчө кырдаал катталган

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында бүгүн, 28-февралда, Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 2017- жылы республикада 339 өзгөчө кырдаал катталганын маалымдады.

Алардын көбүнчөсүн сел каптоо жана суу ташкындары түздү.

Дайралардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу келип чыккан жараталыш кырсыктарынын алдын алуу максатында министрлик тараптан жээктерди чыңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бирок тийиштүү каржылоонун жоктугуна байланыштуу учурда зарыл иштер токтотулган.

Премьер-министр Сапар Исаков финансы министрлигине пландаштрылган курулдушту өз учурунда жыйынтыктоо максатында каражат бөлүү маселесин чечүүнү тапшырды.

Буга катар дайралардын жээгинде кум жана шагыл өндүргөн компаниялардын ишин көзөмөлдөө маселеси көтөрүлдү.

Кубатбек Боронов малымдагандай, мындай ыкма аркылуу жээктерди кармоочу негиздер жуулуп, суунун ташкындоо коркунучу келип чыгууда.

КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловдун маалыматына ылайык, Премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасына жараша, дайралардын жээгинде кум жана шагыл өндүргөн бардык 23 компаниянын иши 3 айга токтотулган. Бул мезгилде алар жээктерди чыңдоо долбоорун кошумча түрдө иштеп чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуусу керек.

«Учурда инерттик материалдарды өндүрүүгө уруксаат берүү укугу жергиликтүү бийлик органдарына бериле тургандыгы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү макулдашуу стадиясында турат», - деди Уланбек Рыскулов.

Өкмөт башчы бул ишканалардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүп, инерттик материалдарды өндүрүү эрежелерин сактоо үчүн убактылуу инструкцияны иштеп чыгууну тапшырды.

Кеңешменин жүрүшүндө Кубатбек Боронов маалымдагандай, өткөн жылы болуп көрбөгөндөй жер көчкү болуп, мындай табийгат кырсыгы 518 жолу катталды.

Министрлик тарабынан кооптуу тилкелерде изилөөлөр жүргүзүлүп, жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү иш-аракети кабыл алынууда.

Түшүндүрүү иш-чаралары, ссудаларды жана жер тилкелерин бөлүп берүү аракеттерине карабастан, төрт миңден ашуун үй-бүлө жер көчкүсү басып калуу коркунучу бар аймактарда жашап келишет.

Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тез аранын ичинде тургундарды көчүрүү маселесин чечүүнү тапшырды.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыска мөөнөттө жашоочуларды биринчи кезекте көчүрүүгө туура келген кооптуу участоктордун тизмесин даярдап берүүсү тийиш. Финансы министрлиги каралган ссудаларды өз учурунда төлөп туруусу зарыл», - деп белгиледи Премьер-министр Сапар Исаков жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир жарым ай ичинде элдерди көчүрүү үчүн жыйынтык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Отурумдун жүрүшүндө Кубатбек Боронов ошондой эле электр тармагын монтаждоодо эрежелердин бузулушунан улам жана өрт коопсуздук талаптары сакталбагандыктан өрттүн саны өсүп жатканын маалымдады.

«Ыйгарым укуктуу органдар ишкердик субъектилерин пландык текшерүүсүн алдын ала эскертүүгө ылайык жүргүзгөндүгүнө байланыштуу өрт коопсуздугунун бузулушу боюнча көптөгөн фактылар чечилбей калып жатат», - деди министр жана айрым бизнесмендер пландалган текшерүүнү билип, эреже бузулууларды жок кылгандай түр жаратып жаткандыгын белгиледи.

Өкмөт башчы Сапар Исаков буга байланыштуу ишкерлердин укугун эске алуу менен компромисстик чечимди иштеп чыгып, өрт коопсуздугу эрежелерин сакталышын көзөмөлдөө үчүн чараларды кабыл алуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий