• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

2020-жылдагы парламенттик шайлоо. Алдамчылык фактысы боюнча экс-депутат кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо учурундагы дагы бир алдамчылык фактысы аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан өлкөдөгү системалуу жана саясий коррупциянын фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча системалуу иштер уланууда. УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды.

“Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдерге негизинде аталган Ч.Р. Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакын арада тергөө иши бүткүчө Ч.Р. аттуу жарандын баш коргоо чарасын тандалат. Тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий