• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ШИИБ: Текебаевге кол салгандардын бири кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.12.21 /Кабар/. Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шаардык криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле шектүү Ө. Текебаевге таандык уюлдук телефонду өз ыктыяры менен тапшырган.

Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш аракеттер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий