• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Социалдык келишим. 2023-жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга каражат алышат

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2023-жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга каражат алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, социалдык келишимдин негизинде муктаж үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон акчалай жардам берилүүдө.

"Учурда 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, 14 миң адам жашоо шартын жакшыртты. Жалпы 280 млн сом бөлүнгөн. Жарандар күнөскана, брусчатка жасоо, автоунаа оңдоо, тигүүчү жай, үй ремонттоо, тамак-аш жасоо же мал жандыктарды багуу менен алектенишүүдө. Кийинки жылы социалдык келишимди 10 миң үй-бүлө менен түзүү пландалууда", - дейт ал.

Базарбаев алгач пилоттук долбоор катары Кадамжай жана Жумгал райондору алынганын айтты.

"Эки райондо 100 үй-бүлө тандалып, 100 миң сомдон берилип, азыр 500дөн ашык адамдын жашоо шарты жакшыртылды. Социалдык келишим түзгөн жарандар каражатты колго албайт, банктан которулат жана акча кайтарымсыз берилет. Ар бир учур комисия тарабынан тыкыр текшерилет", - деди ал.

Министр социалдык келишим долбоору жарандарды жакырчылыктан чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий