• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

2023-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6,6 тонна баңгизат алынган

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. 2023-жылы ички иштер органдары тарабынан 1 миң 314 баңги кылмышы аныкталган. Бул туруалуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин катышуусунда өткөн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, анын алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 680 кг 685 г баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүүчү 12 жашыруун баңгилабораториясы жоюлуп, 84 кылмыштуу баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган жана баңги кылмыштары боюнча издөөдө жүргөн 120 адам кармалып, 95 адам жоопкерчиликке тартылган.

Ошондой эле баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 15 млн сомдон ашык кирешени легалдаштыруу фактылары аныкталып, кылмыш иштеринин алкагында баңгизат сатуучулардын 2 турак жайы жана 4 унаасы алынган.

Пикир

Оставить комментарий