• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Абылгазиев: КР Газа секторундагы абалдын кескин курчушуна байланыштуу терең тынчсыздануу билдирет

Саясат 0

Бишкек, 19.05.18. /Кабар/. «Кыргыз Республикасы абалдын кескин курчуп жана Газа секторундагы протесттердин натыйжасында көп сандаган жөнөкөй жарандардын өлтүрүлгөнүнө жана жарадар болушканына байланыштуу өтө тынчсызданып жаткандыгын билдирет», - деп КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 18-майда Стамбул шаарында Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитинде сөз сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Уюмдун делегацияларынын башчыларын жана жыйындын катышуучуларын премьер-министр Рамазан айынын башталышы менен куттуктады.

Өкмөт башчы ошондой эле 2018-жылдын 14-майындагы кагылышуулардын натыйжасында болгон көп сандаган курмандыктарга байланыштуу Палестина элине терең көңүл айтты.

"Бүгүнкү биздин жолугушуубуз баардык эл аралык жамаат, анын ичинде мусулман дүйнөсү үчүн жөнөкөй эмес мезгилде өтүп жатат. Ушул шарттарда биздин уюмубуздун Саммитинин шашылыш жыйынын өткөрүү логикалуу жана өз учурунда болуп жатат", - деди Абылгазиев.

Анын айтымында, БУУнун башкы ассамблеясынын 2017-жылдын 21-декабрындагы резолюциясын БУУнун мүчө өлкөлөрү көпчүлүк добуш менен кабыл алганына карабастан АКШнын элчилигинин Аль-Кудс (Иерусалим) шаарына которулушу Палестина-израиль жаңжалын тынчтык менен жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун күч-аракетин жокко салды жана кырдаалды татаалдаштырды.

"Биз бул окуяларга катышы бар баардык тараптарды жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн адам курмандыктарын болтурбоо максатында өтө сабырдуу болууга чакырабыз", - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр палестина-израиль жаңжалы эл аралык мыйзамдардын чегинде чечилээрине терең ишеним билдирди, мында БУУ өзүнүн таасирдүү жана чечүүчү ролун ойноого тийиш.

Өкмөт башчы Кыргызстан Ислам шериктештик уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту биргелешип чыңдоого үндөгөн чакырыктарын толугу менен колдой турганын белгиледи.

«Кыргыз Республикасы Палестинанын эли өзүнүн зомбулуктан жана согуштан алыс татыктуу жашоого болгон укугун жакын арада ишке ашырат жана БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуучу эгемендүү мамлекетин курат деп бекем ишенебиз», - деди ал.

Премьер-министр ушул жолугушуу Аль-Кудс шаарынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салууда, ошондой эле Ислам кызматташтык уюмунун алкагында биздин кызматташтыкты чыңдоодо алдыга карай дагы бир кадам болуп калат деп ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий