• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Абылгазиев: Кыргыз өкмөтү КМШ өлкөлөрү менен кызматташууну тереңдетүүгө умтулат

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтү КМШ өлкөлөрү менен кызматташууну жана өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө умтулат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Сколково» инновациялык борборунда өтүп жаткан (Россия Федерациясы, Москва шаары) Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан курамында учурашуу сөзү менен чыккан учурда билдирди.

Премьер-министр мүчө-мамлекеттердин дээрлик бардык чөйрөдө ар тараптуу өз ара кызматташуусу үчүн уюмдун алкагында бардык шарттар түзүлгөнүн, биргелешип иштешүүдө чоң интеграциялык тажрыйба топтолгонун, жалпы аракеттин негизинде кең институционалдык жана келишимдик-укуктук база түзүлгөнүн билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык жана гуманитардык алаканын өнүгүү динамикасын алдыга жылдырууну, биздин элдердин жашоо шартынынын жана сапатынын жакшырышын камсыз кылуу максатында кызматташууну жана өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө умтулат. Шериктештиктин алкагында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча иштерди активдештирүү керек деп ойлойбуз», - деп баса белгилеген Мухаммедкалый Абылгазиев, бул максаттарга жетүү үчүн Эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө келишимдин мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен пайдалануунун маанисин белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев Эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө келишимде камтылгандар толугу менен жүзөгө ашса, анда биздин өлкөлөрдүн экономикасынан белгиленген чыгымдар жоюлат, бул болсо товар жүгүртүүнүн өсүүсүнө алып келерин айтты.

«Бул багытта белгилүү бир ийгиликтерге жетишкенибизге карабастан, тоскоолдуктарды алып салуу боюнча келишимдин бардык катышуучулары системалуу зарыл иштерди жасашыбыз керек. Ошондо гана КМШнын алкагында интеграциялык биримдиктин учурдагы соода режиминин сапатуу алмашуусуна жана мүчө-мамлекеттердин рыногунда улуттук өндүрүштөгү товарлардын жеткиликтүүлүгүнүн эркин болушун камсыз кылууга жетише алабыз», - деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы КМШ боюнча өнөктөштөр менен соода-экономикалык мамиленин артыкчылыгын эске алганда, рынок Шериктеш өлкөлөрдүн товарлары үчүн ачык экенин айтты.

«Бул маселеде ар бир тарап өз ара аракеттенүү принциптерине таянууга укуктуу, ал эми КМШда өндүрүлгөн товарлар болсо, Шериктеш өлкөлөрдүн базарларында алыскы чет мамлекеттердин продукцияларына салыштырмалуу артыкчылыктуу болушу шарт. Эркин соода жүгүртүү боюнча Макулдашууга байланыштуу иштер соңуна чыкса, рынокто заманбап кызмат көрсөтүүлөрдүн пайда болушу менен жарандарга гана эмес, бизнес-тармакты өнүктүрүүгө дагы жеткиликтүүлүгү КМШ өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө ишенимдүү кадам болот деп ишенем. Бардык тараптарды жогоруда айтылган Макулдашуунун долбоорун иштеп бүтүрүүнү тездетүүгө чакырам, анткени бул чөйрөдөгү рыноктун көлөмү абдан маанилүү жана келечектүү болуп саналат», – деп Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий