• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абылгазиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар Кыргызстан - Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги боюнча кызматташуу маселелерине, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүүчү иш-чараларга көңүл бурулду.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Михаил Мишустин валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдө түзүлгөн экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-орус алакасынын бардык багыттары боюнча өз ара кызматташууну улантууга жигердүүлүгүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий