• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Адилет Дубанаев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Адилет Дубанаев КР премьер-министринин 2021-жылдын 23-апрелиндеги буйругу менен Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-апрелде Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды. Ал салык жол-жоболорун санариптештирүү маселеси жаатында иш алып барат.

А.Дубанаев мурда КР өкмөтүнүн аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы болуп эмгектенген. Мындан тышкары, ал Салык жана бажы башкаруусун санариптештирүү маселеси боюнча Координациялык кеңештин мүчөсү.

Пикир

Оставить комментарий