• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аксы районунда милиция кызматкерлери коронавирусту алдын алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Аксы районунун милиция кызматкерлери коронавирус илдетин алдын алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна кире турган унаа жолдорунда милиция кызматкерлеринен, медициналык кызматчылардан, ӨКМнын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен турган 4 санитардык-карантиндик пост орнотулган. Алар, районго кирип-чыккан унааларды жана жарандарды көзөмөлдөп, эсепке алууда.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери башка тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен биргеликте жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүдө.

Мындан тышкары, Аксы районунун аймагында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен бир катар айылдарда коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу максатында кошумча 16 фильтрлөөчү пост орнутулган.

Райондун жана айылдардын борбордук аймактарында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча зарыл болгон коопсуздук эрежелерин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Кызматтык автоунаалар менен атайын үн чыгаруучу түзүлүш аркылуу жарандарды үйүндө болуусу жана карантиндик режимдин талаптарын так аткаруусу жөнүндө жеткирилүүдө. Жергиликтүү тургундарга, үйүнөн керектүү гана учурда чыгуусу, адамдар менен болгон аралыкты сактоосу жана коомдук жайларга барбоосу тууралуу сунушталууда.

Өзгөчө кырдаал режими убагында райондун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Ошону менен бирге, 2 обсервациялык пункт милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынган. Постогу милиция кызматкерлери керектүү болгон бардык жеке коргонуу каражаттары, беткап, колкап, атайын костюмдар жана антисептиктер менен камсыздалган.

Жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен, коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотууга тартылган милиция кызматкерлерине жардам көрсөтүшүүдө. Алардан келген жардам, милиция кызматкерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө жана ички иштер органдарынын ардагерлерине азык-түлүк түрүндө – бир кап ун жана суу майын таратылды.

Пикир

Оставить комментарий