• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында муниципалдык унаа базары ишин баштады

Аймак 0


Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муниципалдык унаа базары ишин баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-марттан тартып унаа соодасы жаңы базарда жүрүүдө. Спутник кичи шаарчасындагы Манас көчөсүнөн орун алган базарга унаалар толду. Бүгүн кирген унаалар үчүн акы алынган жок.

Базар 3,5 гектардан ашык аянтты ээлейт. Азырынча толук шарт түзүлүп бүтө элек. Алдыда электрондук система менен төлөм жүргүзүүгө ыңгайлаштырылат. Асфальт төшөө өңдүү жумуштар да алдыңкы убакыттарда ишке ашырылат.

Базарга төрт жактан кирип чыгууга болот. Азырынча буга чейинкидей тартип менен бейшемби күнү унаа базары деп бекитилди. Базарга болжол менен 2200дүн тегерегинде унаа батат. Базардан түшкөн каражат шаардык бюджетке түшөт.

Пикир

Оставить комментарий