• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Акыйкатчы интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып салган мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Акыйкатчы интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып салган мыйзам долбоорун кайра кайтарып алууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Белгилей кетсек, 25-июлда “Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилген. Анда Укук бузуулар жөнүндө кодексин толуктоо сунушталып, жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч – 100 миң сом, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч – 200 миң сом айып пул салуу каралууда.

Акыйкатчы институту маалымдагандай, мыйзам долбооруна жүргүзүлгөн анализде адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы талданганда айып пул жеке жана юридикалык жактарга каралган чектен бир топ ашып кетти. Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева айып пулдун мындай көрсөткүчү негизсиз жогору экендигин айтты.

“1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул жазасы – негизсиз жогору. Андан сырткары, мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы шарт”, - деди Жамиля Жаманбаева.

Ошондой эле ал укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керектигин, ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес экендигин белгиледи.

Мындан сырткары, акыйкатчы жарандар ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо үчүн сотко кайрылышы керектиги документтерде көрсөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Буга байланыштуу Жамиля Жаманбаева мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырды.

Ошону менен катары эле, акыйкатчы сөз эркиндигин камсыз кылуу жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо зарылдыгын айтып өттү.

Жалган маалымат таркаткандарга дагы айып пул салуу каралган Укук бузуулар жөнүндө кодекске дагы бир өзгөртүүнү киргизүүдө акыйкатчынын долбоор боюнча пикирин эске алууну белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий