• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Министрлер кабинетинин төрагасы “Россия” эл аралык көргөзмө-форумуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен бирге Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ЭЧЖК — ВДНХ) көргөзмө комплексиндеги “Россия” эл аралык көргөзмө-форумуна барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алар көргөзмөгө коюлган экспонаттар менен таанышып чыкты, ошондой эле “Россиянын жетишкендиктеринин галереясы” комплексинде болушту.

Мындан тышкары, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында ВДНХ көргөзмө комплексинде сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий