• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ: 554 абитуриент босого баллдан өттү

Билим 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 абитуриент босого балл (110дон) өттү.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку балл – 214, эң төмөнкү балл – 38, орточо – 120,3 болду.

Жалпысынан кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 902 адам катышты. Анын ичинен тестти 436 адам – кыргыз тилинде, 466 адам – орус тилинде тапшырды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 1 миң 260 адам катышкан.

Пикир

Оставить комментарий