• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аламүдүн районундагы жер тилкелерин ээлеп алуу фактысы боюнча сотко чейинки иштери жүргүзүлүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Аламүдүн районундагы жер тилкелерин ээлеп алуу фактысы боюнча сотко чейинки иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-2-март күндөрү Аламүдүн районунун аймагындагы айланма жолдун Мыкан айылында кийин Ак-Жар жаңы конушунда жакынкы айылдардын жана Бишкек шаарынын жашоочулары чогулушкан.

Чогулгандар Аламүдүн районунун Ленинин айылына караштуу жер тилкелерин курулуш курууга бөлүп берүү талаптарын койгон.

Эл чогулган жерге Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери, Аламүдүн РИИБинин жетекчилиги жана өздүк курамы чыгышкан. Андан сырткары ал жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да чыгышып милиция кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жарандар талап кылып жаткан жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлер болгондуктан ал жерге курулуш курууга болбой тургандыгы эскертилген. Ага карабай бейтааныш жарандар жерлерди мыйзамсыз бөлүшүүнү башташкан.

Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан КР Жазык кодексинин 207-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу) боюнча боюнча 4 материал катталган.

Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызмататы жанан Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы окуяны уюштурууга шектелип, Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 28 жаштагы С.у.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы окуяга катыштыгы бар жарандарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ар тараптуу териштирүү иштери улантылууда.

Чүй облусунунун ИИББы эскертет: Бөтөн жер участогун өзүм билемдик кылып ээлеп алуу, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине өзүм билемдик кылып курулуштарды куруу мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий