• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

3-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 22 куткаруучу тартылды. Бүгүн, 4-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий