• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аманбаев АКШнын түрдүү программалары боюнча Кыргызстанга бөлүнгөн орундардын санын көбөйтүүнү өтүндү

Коом 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. Кечээ, 7-мартта Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары, Мамлекеттик департаменттин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросунун башчысы Л.Саттерфилд баштаган өкүлдөр менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээли тууралуу кеңири пикир алмашуу болуп, келечекте кызматташуунун багыттары талкууланды. Жолугушууда америка тарап эки өлкөнүн ортосундагы соңку жылдары аткарылган ар түрдүү программалар тууралуу кыскача маалымат беришти.

Ал эми элчи КР президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалар жана Кыргызстандын билим берүү системасындагы артыкчылыктуу багыттарга жана муктаждыктарга кеңири токтолду. Андан аркы сөзүндө кыргыз элчиси Билим берүү тармагын жакшыртуу ар бир өлкөнүн эң артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгилеп, АКШнын Мамлекеттик департаментинин билим берүү жаатындагы Fulbright, FLEX сыяктуу ар кандай программалары боюнча Кыргызстанга бөлүнгөн орундардын санын көбөйтүү жагын караштырып берүүнү өтүнүп, мындан сырткары кошумча программаларды киргизүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Америкалык тарап билим берүү жаатында сунуштаган келечектүү долбоорду колдоорун билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү кызматташтыгын күчөтүү боюнча келечекте биргелешип иш алып барууну макулдашты.

Маалымат үчүн: АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу АКШнын тышкы саясий максаттарын алдыга жылдыруу үчүн зарыл болгон билим берүү тармагындагы кесиптик жана маданий алмашуу жана башка программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий