• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Атамбаевдин аркасы менен Кыргызстанда кырдаал турукташып, өнүгүү жолуна түштү - Путин

Саясат 0

Москва, 20-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен Кыргызстанда кырдаал турукташып, өлкө өнүгүү жолуна түштү. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаев менен болгон тар чөйрөдөгү жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда Россия президенти Алмазбек Атамбаев менен кечээ аймактык жана эл аралык мамилелердин бир катар комплекси боюнча кенен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгондугун билдирди. "Бүгүн биз акыркы жылдары калыптанган мамилебизди кантип өнүктүрүү боюнча кеңейтилген форматта талкуулап жатканыбызга кубанычтамын. Көп жумуштар аткарылды. Бирок, дагы аткара турган, жасай турган иштерибиз алдыда”,-деди Путин.

"Биз абдан жакын өнөктөш жана ишенимдүү достордонбуз. Биз Россия жана акыркы он жылдыкта Кыргызстан кандай трансформацияны басып өткөндүгүн жакшы билебиз. Мындан улам, өлкөдөгү саясий туруксуздук кырдаалы артта калды деп ишенебиз. Алмазбек Атамбаевдин күчү менен кырдаал жөн гана турукташпастан, ал өнүгүү жолуна түштү”,-деп билдирди РФ президенти.

Владимир Путин Атамбаев президент болуп турган жылдары салган пландар аягына чыгып баратканын, ошондой эле, ал эки өлкөнүн байланышы аймактардагы кырдаал мындан ары да бекемделүү жолу менен барат деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий