• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ажылык — 2024: Муфтият авиакомпаниялар ортосунда сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы 2024-жылы ажылыкка баруучулар үчүн авиакаттамдарды уюштурууга авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады.

Муфтияттан билдиришкендей, сынакка катышуучулардын документтери 2023-жылдын 25-октябрынан 13-ноябрь саат 17:00 гө чейин кабыл алынат.

Тандоо иш-чарасына катышуучу авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү № 264/3. Байланышуу үчүн: 0778900601, э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru.

Буга чейин ажылыкка баруучуларды каттоо 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөрү маалымдалган.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстандын зыяратчыларын Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлеген.

Пикир

Оставить комментарий